“Манаста” беш жылдан бери бажы алымы төлөнө элек учак турат

Мамлекеттик бажы кызматы тараткан сүрөт.

“Манас” бажысында тийиштүү бажы алымдары төлөнө элек Diamond DA 42М-NG жеңил моторлуу учак 2017-жылдан бери турат. Ал S.K.G.A. ишканасына таандык экенин Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Ал учак үчүн жалпы 13 млн. 712 миң сом бажы алымы төлөнбөгөндүктөн, тиешелүү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Март айында Бажы кызматы Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамдарын бузуу менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке алынып келинген эки тик учак өткөн жылдын август айынан бери турганын маалымдаган. (TSh)

Дагы караңыз

Нарында эндик өсүмдүгүн казгандарга каршы рейд жүрүүдөМүлк фонду Атамбаевдин үйү карыларды дарылоо жайы болорун билдирдиКыргызстанда энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салына баштайт