Калың жааган кардан улам Барскоон - Ак-Шыйрак жолу жабылды

Барскоон - Ак-Шыйрак жолу.

Калың жааган кардан улам Жети-Өгүз районундагы Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына каттоочу жолго кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө. ӨКМ жол толук ачылганга чейин сапарга чыкпай турууга чакырды.

Кыргызгидромет борбору 1-июнда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганын билдирүүдө. (КЕ)

Дагы караңыз

Канада тапанча сатууга жана сатып алууга тыюу салууну көздөйтТигүү тармагынын адистери үчүн эл аралык тренинг уюштурулдуОрусиянын аскерлери Северодонецк шаарынын борборуна жакындадыБишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту