Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тартып курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүдө акциздик салык салына баштай турганын билдирди.
Башкача айтканда, Министрлер кабинети бекиткен акциздик ставкага жараша аталган суусундуктун бир литрине он сомдон алынат.
Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмине сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат.
Мыйзам боюнча мындай суусундуктар 18 жашка чейинкилерге сатылбашы керек. (TSh)
Дагы караңыз
Атамбаевдин адвокаты мүлк боюнча доо арыз берилерин билдирдиМилиция "Кумтөрдөн" күйүүчү май уурдап саткан жаран кармалганын билдирди1-июндун аба ырайыБишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту