1-июнда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 23…28;
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 26…28 градус болот.
Дагы караңыз
Орусия буудайдын дүйнөлүк жолун бууп туратБир айылга суу жеткирген эски тракторЕвробиримдик орус мунайын алууга жарым-жартылай чектөө койдуАтамбаевдин адвокаты мүлк боюнча доо арыз берилерин билдирди