Евробиримдик орус мунайын алууга жарым-жартылай чектөө койду

Еврошаркеттин саммити алдында. Брюссель, 30-май 2022-жыл

Евробиримдик дүйшөмбүнүн кечинде Орусияга каршы санкциялардын 6-пакетин макулдашты. Документте орус мунайынын бир бөлүгүнө эмбарго салуу жана Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүү каралган. Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Твиттерге жазды. Маалыматка караганда, шаркет Орусиядан сатып алып жаткан мунайдын үчтөн эки бөлүгүнө чектөө киргизилмечи. Санкцияга деңиз менен ташылган кара май гана кабылып, куурлар менен алынганы мурдагыдай эле калат.

Биримдик “Дружба” куурун жазалоочу чараларга кошкон жок. Эмбаргого каршы болуп келаткан Венгрия мунайды дал ошол жол менен алып турат.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен чечимди кубаттарын, Орусиядан мунай импорту жыл аягына чейин 90 пайыз азаярын билдирди.

Bloomberg жазгандай, эмбаргодон Москва жылына 22 миллиард доллар жоготушу мүмкүн. Ошол эле маалда Венгрияга, Чехияга жана Словакияга “Дружба” менен ташыган мунай экспортунан 6 миллиард долларга чейин алууну уланта бермекчи.

Шаркет лидерлери ошондой эле Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүүнү, орусиялык мамлекеттик дагы үч телеканалды өз аймагында көргөзүүгө тыюу салууну чечишти. Ал эми орусиялыктар Европада кыймылсыз мүлк сатып ала албайт деген чектөө Кипрдин кысымы менен кабыл алынган жок.