Бейтааныш кызга кол көтөргөн киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук жайда чоочун кызга кол көтөрдү деп шектелген адам Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын 31-майда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 28-майда милицияга 12-кичи райондо түнкү саат 3:20 чамасында бейтааныш кишинин зомбулугуна эч себепсиз кабылганын айткан кыздан арыз түшкөн.

Факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (“Ээнбаштык”) негизинде кылмыш иши козголгон. Октябрь райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү 40 жаштагы адамды кармап, камакка алышкан. Тергөө уланууда.

Окуя тууралуу кыз алгач социалдык түйүндөргө жазып, 12-кичи райондогу дүкөндөрдүн бирине банкоматтан акча алуу үчүн кирип, бейтааныш кишинин зомбулугуна кабылганын билдирген. Жарыялаган сүрөтүнөн анын бир көзүнүн тегереги көк-ала болуп, ооз жагы жарылганын көрүүгө болот.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөр катарына кирген. (RK)

Дагы караңыз

Баткендин чек арага жакын аймагына турак жайларды курууга 200 млн. сом бөлүнүшү мүмкүнКытай-орус мамилесиндеги өзгөрүү. Согуш, мунай жана кыйытма сынКыргыз адабиятын сүрөгөн ОлегАкылбек Жапаров соода түйүндөрдүн бардыгына ККМ коюларын белгиледи