Кыргызстанда жүз кырктай адам жарандыктан чыкты

Кыргызстандык паспорту.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 492 адам кабыл алынды. Анын ичинен 110у балдар. Жарандык алгандардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар.

Дагы бир жарлыкка ылайык, 141 адам (анын ичинен 26сы балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды. (TSh)

Дагы караңыз

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн мамлекетке өткөрүүдө талаш чыкты Апасын коргоп камалган бала үй камагына чыктыЖапаров темир жол боюнча Путин менен сүйлөшкөнүн билдирди Бишкекте кызды урууга шектелип кармалган жаран коё берилди