Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чек арадагы текшерүүнү азайтууну макулдашкан. Бирок өткөрмө бекеттердеги абал өзгөрбөй, кезек күткөндөрдүн саны кайра көбөйдү.
Кыргыз-казак президенттери 26-майда Бишкектеги жолугушууда соода көлөмүн 2 млрд. долларга чыгарууну макулдашты. Бул үчүн чек арадан жүк ташуудагы жасалма тоскоолдуктарды алып салуу жана чек ара тилкесинде соода-өнөр жай-логистикалык борборун ачуу долбоору бекитилди.
Анда жеринен ишканалардын товарлары өндүрүлүп, "жашыл коридор" аркылуу чет өлкөлөргө чыгарып сатуу боюнча өзгөчө шарттар каралганы кабарланды. Бирок азыркы учурда айдоочулар чек арадан жүктөрдү ташып өткөрүүдө текшерүүлөр боюнча абал өзгөрбөгөнүн айтууда.
Чек ара соодасын чечүү долбоору
Эки президент "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы жолугушууда жүктөрдү ташып өткөргөн “Ак-Тилек” жана “Кара-Су” чек ара тилкесинде соода-өнөр жай-логистикалык борборун куруу боюнча долбоорду баштоо иш-чарасына видео байланыш аркылуу онлайн көз салышты.
Бул курулуштун пайдубалына кыргыз өкмөтүнөн Арзыбек Кожошев, ал эми казак тараптан Бахыт Султанов капсула салган.
Президент Касым-Жомарт Токаев биргелешкен билдирүү кабыл алынган учурда чек арадагы ашкере текшерүүлөрдү азайтып, жүктөрдү тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча долбоор башталып, шарттар түзүлүп жатканын айтканы белгилүү:
“Бүгүн соода, өнөр жай-логистикалык комплексинин пайдубалын түптөө башталды. Бул өндүрүш жана соода тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биз өнөр жай өндүрүмүн жана башка товарларды экспорттоого даярбыз. Кыргызстан да биздин өлкөгө бир катар товарларды экспорттойт. Мына ушуга байланыштуу биз колдо бар мүмкүнчүлүктү толук пайдаланууну сүйлөштүк. Өзгөчө көңүл жарандар менен жүктөрдүн чек арадан эркин өтүүсүнө бурулду. Биз жүк ташууларды жакшыртууну талкууладык. Негизги милдет - текшерүүлөрдүн санын азайтып, чек арадагы тыгындарды жоюу”, - деди Токаев.
Соода көлөмүн көбөйтүү тапшырмасы
Эки кошуна өлкөнүн мамлекет башчылары жүк ташып өткөрүү жана товарларды эки өлкөнүн рыногуна киргизүүдө жүрүп жаткан чектөөлөр менен тоскоолдуктар алына турган болсо, анда эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү кескин өсөрүн белгилешти.
Казакстан - Кыргызстандын эң негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд доллардан ашып, анын көпчүлүгүн Казакстандын экспорту түзгөн.
Президент Садыр Жапаров соода көлөмүн 2 млрд. долларга чыгаруу планы бекитилгенин белгиледи:
“Биз өкмөттөрдүн алдына өз ара сооданын деңгээлин 2 миллиард АКШ долларына жеткирүү, Биринчи Аймактар аралык форумду сапаттуу жана мазмундуу даярдап, өткөрүү, Кыргызстан-Казакстан Ишкерлер кеңешинин ишин жандандыруу, биздин чек аралар аркылуу жүктөрдү алып өтүү механизмдерин андан ары өркүндөтүү жана башка маселелер боюнча милдеттерди койдук. Товарларды жана жүктөрдү Казакстан аркылуу өткөрүү маселеси боюнча, чек арадагы тыгындарды болтурбоо жана бул маселе боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоо келишимине келдик”.
Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек”-“Кара-Су” соода-өнөр-жай-логистикалык борборун куруу үчүн жер тилкеси эки тараптан тең бирдей өлчөмдө бөлүнгөнү айтылды. Жеңил өнөр жай, фармацевтика, айыл-чарба жана кайра иштетүү өндүрүш ишканалары жайгашып, андагы товарлар жеңилдетилген салык тартиби менен сыртка ташылып, сатыла турганы айтылды.
ЕАЭБге байланган экономикалык эркиндик
Талдоочу Сейтек Качкынбай мындай долбоорлордун келечеги алардын эркин иштөө тартибинен көз каранды дейт:
“Салыктык, инвестициялык жеңилдиктер аркылуу өндүрүш ишканаларын чакырып, эркин экономикалык тилкелерде автономдук бажы алымдарын алуу аркылуу товарларын сыртка сатуусун уюштурган шарттарды түзүлгөн практика бар. Бул айрыкча Кытайда, Түштүк Кореяда кеңири өнүккөн. Азыр эми кыргыз-казак чек ара тилкесинде мына ошондой борборду куруу идеясы жакшы. Мына ошондой экономиканы өнүктүрүүгө багытталган “жашыл коридор” иштеп кетсе, кол чаап, кубаттоо гана керек. Бирок анын иштөө шарттары кандай болору белгисиз. Анткени андай “жашыл коридор” ЕАЭБ бекиткен жоболор менен иштейби же өз алдынча иш алып барууга мүмкүнчүлүк бере турган эки тараптуу келишимдин негизинде ага өзгөчө макам берилеби, бул башка маселе. Эгерде эркин иш алып баруу тартиби бекитилсе, анда ал жер чоң өнөр жай, соода жайына айланып, аябай өнүгүп кетет. Бирок анда ага Орусия кандай карайт деген да маселе бар”.
Чек ара тилкесинде соода-өнөр жай логистикалык борборун куруу долбоору Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдагы Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда макулдашылган.
26-майдагы Токаевдин Бишкектеги экинчи расмий сапарында эки тараптын өкмөт аралык кеңешинин 9-жыйынынын протоколуна ылайык, бул долбоорду инвестициялоо боюнча меморандумга кол коюлду. Анда жүк өткөрүүнү жеңилдетүү да макулдашылган.
Буга чейин "Ак-Тилек" чек ара өткөрмөсүнөн жүгү бар автоунааларды, ал эми бош бараткан машинелерди "Кең-Булуң" өткөрмө бекетинен өткөрүү тартиби бекитилген.
"Кең-Булуңдагы" тар өтмөк
Бирок чек арадагы “Кең-Булуңда” кезек күткөн айдоочу Виктор Карпук абал өзгөрүүсүз бойдон калганын айтты:
“Мына карагыла, силердин турганыңарга болгону 15-20 мүнөт болду. Алдыда ондогон автоунаанын айдоочулары кезекте турушат. Артта бул 20 мүнөттүн ичинде дагы 6-7 унаа кошулуп калды. Эми элестетип көрүңүздөр, дагы 1-2 саатта, кечке жуук канча машина кезек күтүп каларын. 15-20 мүнөттүн ичинде такыр жылыш болгон жок. Бир дагы машине жыла албады. Анткени мында өткөрүү агымы аябай чабал. Бизди да түшүнсө болот, ушундай шартта иштөө бизге дагы оор. Мунун бардыгы качан чечилерин билбейбиз”.
Жүк өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүү тартиби каралган. Бирок айдоочулар бул эрежелер боюнча маалыматтар аларга жеткиликтүү эмес экенин айтышууда. Экономика министри Данияр Амангелдиев жүктү коштогон документтер санарипке өткөрүлөрүн белгиледи:
“Негизинен жүк коштогон документтерди санариптештирүү маселеси болуп жатат. Электрондук эсеп-чоттор кирип, навигациялык пломбуларды жүк ташуучу автоунааларга илип, тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо боюнча иштер башталды. Бул боюнча макулдашуулар болгон. Мына ушундай тартипке ылайык, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга эч кандай чектөөлөр болбойт. Бирок Кытайдан чыккан товарлар болсо, анда аларда маселе болот”-, деди Данияр Амангелдиев.
Буга чейин Казакстандын кирешелер боюнча мамлекеттик комитети кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүлөр аткезчилик жол менен өтчү товарлардын алдын алуу максатында жүрүп жатканын билдирген.
Кыргыз тараптан муну экономикалык кысым катары кабыл алып, ага каршы сууну бөгөп коюга чейин чара көрүү талабын койгондор да болду. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Казакстандын айдоо аянттарына кетчү сугат сууну бөгөп салуу демилгесин көтөргөн.
Буга чейин кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин 10-жыйынында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен чек арадагы тоскоолдуктар менен чектөөлөрдү алып салуу боюнча протоколго кол коюшкан болчу.