Eurovision-2022 ыр сынагында жеңип чыккан Украинанын “Калуш Оркестра” тобу “Зрусталь микрофонун” аукциондо 900 миң долларга сатты.
Аукцион YouTube порталында түз көрсөтүлүп турду. Аны алып баруучу жана коомдук ишмер Сергей Притуланын кайрымдуулук фонду уюштурду. Би-би-Синин орус кызматы кабарлагандай, аукциондун жеңүүчүсү акчаны криптовалюта аркылуу берди.
Сергей Притула мурдараак уюштуруучулар тапкан акча Украинанын армиясы үчүн PD-2 учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алуу үчүн жумшаларын айткан.
Украинанын армиясына акча чогултуу үчүн башка дагы акциялар өтүп жатат. Жекшемби күнү Берлинде өткөн "Save Ukraine - #StopWar" кайрымдуулук акциясына дүйнөлүк лидерлер, анын ичинде “Калуш Оркестра” тобу да катышты. Андан үч күн мурда Литванын жашоочулары түркиялык “Байрактар” дронун сатып алуу үчүн Украинага 5 миллион евро чогултуп беришкен.
Быйыл Украинанын намысын коргогон “Калуш Оркестра” тобу Eurovision-2022 сынагында "Стефания" деген ыры менен утуп чыкты. Жарыштын финалы 14-майда Италиянын Турин шаарында өттү. Орусия Украинага басып киргендиги үчүн быйыл музыкалык мелдештен четтетилген. (ErN)
Дагы караңыз
“Кумтөр Голд Компани” Тоо-кенчилер бирикмесинин башчысына жооп бердиПрезидент Жапаров Ширшовго схема түзүүгө жол берилбей турганын айттыАкыйкатчы Сузакта мугалимди видеого тарткан окуучуларга басым болуп жатканын билдирди31-майдын аба ырайы