Салык кызматынын башчысы ККМди текшерүү убактылуу токтотуларын айтты

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов (оңдо).

Соода жайларында ишкерлердин Көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонуп же колдонбой иштеп жатканын текшерүү убактылуу токтотуларын бүгүн 30-майда Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыккан ишкерлердин алдында сүйлөп жатып Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов билдирди. Ал “көйгөй чечилгенче” текшерүү 10 күнгө токтотулуп турарын айтты.

Бүгүн жүз чакты адам Эски аянтта пикет уюштуруп, салыкчылар текшерүүсүн күчөткөнүн, ККМ жокторго айып салуу тууралуу билдирмелер келип жатканын билдиришти.

Алтынбек Абдувапов аларга Салык кызматынын позициясын түшүндүрүп: “Бүгүнкү күндө бизге келген импортерлор салык төлөбөй, товарын сатып, кетип калууда. Бир да өндүрүүчүнүн бизге келгенге кызыкчылыгы жок болууда. Силер биздин жаран, кыргыз эли болгондон кийин, бир аз болсо да соодадан салык төлөшүңөр керекпи?! Сиздер патент төлөп жатасыңар, анысына ким суроо коюп жатат? Болгону, сиздер алган товарды контролдоп коелу деп жатабыз”, - деп айтты.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош" базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.

Экономика жана коммерция министрлиги базарда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселесин атайын түзүлгөн жумуш тобу талкуулап жатканын, алар үчүн салыктын өзүнчө түрүн киргизүү маселеси караларын, чечим азырынча кабыл алына электигин 18-майда билдирген.

ККМге каршы пикеттер бүгүн айрым аймактарда да өткөнү кабарланды. (RK)