Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык факультетинде жүздөн ашуун өзбекстандык студент окуудан чыгарылды. Жетекчилик буга алардын сабакты көп калтырганын жүйө келтирүүдө.
Студенттер жана айрым окутуучулар муну коррупциялык кадам деп, “жең ичинен акча бергендер кайра окууга кабыл алынып жатканын” билдиришти.
Факультеттин деканы Гүлбара Ташиева муну куру доомат деп, жүз академиялык сабакты калтыргандар эрежеге ылайык окуудан чыгарылганын “Азаттыкка” 30-майда айтты.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык факультетинде билим алган өзбекстандык студенттерге байланыштуу маселе 20-майдан кийин күчөгөн. Анын алдында социалдык тармактарда окуу жайдын залында өзбек студенттер нааразылык билдирип жаткан жыйындын видеосу тараган. Алар деканатка “жең ичинен акча бергендер окуусун улантып, бербегендер айдалып жатканын” билдиришкен.
Аталган факультетте Акушердик жана педиатрия кафедрасында окутуучу болуп иштеген Аскар Сейдалиев студенттердин сөздөрүн “Азаттыкка” тастыктап, 300 студент окуудан айдалуу коркунучуна кабылганын билдирген.
Декан Гүлбара Ташиева окуудан чыгарылып жаткан ар бир студент сабактарды такай калтырганын бышыктаган документтер бар экенин белгиледи.
Аталган университетте Медициналык факультет 2000-жылы ачылган. 2005-жылы жабылып, студенттер башка окуу жайларга которулган. 2010-жылы кайра ачылган. 2020-жылдан бери келишимдик негизде чет элдик студенттерди окутушат. Учурда 3300 студент келишимдик негизде окуйт. Алардын тең жарымы кыргызстандыктар, 1000ден ашууну Пакистандан, Индиядан жана Банглдештен, 400 чамалуусу Өзбекстандан келгендер. Анданы тышкары, Казакстандан жана Тажикстандан келип билим алгандар бар. Окуу акысы бир жылга 120 миң сом. Чет элдик студенттер 1500- 2000 доллар төлөшөт. (SE)
Дагы караңыз
Президент Жапаров Ширшовго схема түзүүгө жол берилбей турганын айтты"Балдарды басып калбайбы деп коркобуз". Дубалы ажырап, полу чириген мектептерНоокатта өспүрүм кыз өз жанын кыйдыКаныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды