Ош облусунун Ноокат районунда 7-класста окуган кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 23-май күнү саат 16:40 чамасында Гулистан айыл аймагында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм "Ата сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам",- деген мааниде кат жазып калтырып, өзү жашаган үйдө жанын кыйган.
Учурда окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнү байкалууда. Борбор Азияда суицид боюнча Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат. (AAb)
Дагы караңыз
“Камбар-Ата-1”: Негиздеме түзүүгө Өзбекстан жана Казакстан да катышуудаОрусия тышкы карыздарын рубль менен төлөй турганын айттыАкыйкатчы институту мектептердеги коопсуздук боюнча текшерүү жүргүзөтКой-Таш окуясы боюнча сотто айыптоо актысы угузулду