Европадагы кыргызстандыктар Кымыз фестивалына чогулду

Кымыз фестивалынын катышуучулары.

29-майда 200дөй кыргызстандык Германиянын Хейделберг шаарына жакын жайгашкан кыштактардын бирине Кымыз фестивалына чогулду. Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да катышты.

Фестивалдын негизги максаты Европадагы кыргызстандыктар ортосундагы ынтымакты бекемдөө, алардын арасында жаңы байланыштарды түзүү экенин уюштуруучулар белгилешти.

Европанын бир нече өлкөлөрүнөн чогулган кыргызстандыктар кымыз жасаган немис фермердин чарбасында чогулду.

Кымыз фестивалы бул жерде ушуну менен экинчи жолу уюштурулууда.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Германияда Кыргызстандын 10 миңдей жараны эмгектенет. (KR)

Дагы караңыз

Борбор Азия валюталарын кошо "сүйрөгөн" орус рублиОдессадагы Кумарбек: Украиндерди кыйын күндө таштап кетпеймКой-Таш окуясы боюнча сотто айыптоо актысы угузулдуЧехия жана Польша Украинанын армиясына курал-жарак берет