Чукул кабар: сел коркунучу жогору

Сел сууларын тазалоо иштери. Сүрөт ӨКМдан алынды. 28-май 2022. Жалал-Абад.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 30-майда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.

Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак-жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти.

ӨКМ ушул күндөрү сел жууп кеткен бир катар аймактарда тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлады. (КЕ)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кара-Суу: пахтадан кол жууган дыйкандар

Дагы караңыз

Зеленский Украинага жеткириле турган курал-жарак боюнча кайрылдыАба ырайы: тоолорго кар түшөтХерсон облусунда Киев көзөмөлдөгөн аймак менен чек ара жабылдыMoppet Books басма үйүнүн "Эмне үйрөнө алам?" китептер топтому кыргызчаланды