Европанын Чемпиондор лигасынын финалында Испаниянын "Реал" клубу Англиянын "Ливерпул" клубун 1:0 эсебинде утуп, чемпион болду. Финалдык оюн 29-майга караган түнү Франциянын баш калаасы Париждеги "Стад де Франс" стадионунда өттү. "Реалга" жеңиш алып келген голду Винисиус Жуниор беттештин экинчи бөлүгүндө киргизди. "Ливерпулдун" үстөккө-босток жасаган чабуулдарынан майнап чыккан жок.
Финалдык беттеш белгиленген саатынан жарым сааттан ашык убакытка кеч башталды. Француз полициясы стадионго жасалма билет менен кирүүгө аракет кылгандар болгонун билдирди. Ошондон улам стадиондун кире бериш жерлерине миңдеген күйөрмандар топтолуп, ичкери кирүүгө мүмкүн болбой калды деди УЕФА.
Бир нече саат мурда келген күйөрмандар дагы кире албай калышкан. Бул чоң нааразылыктарды жаратты. Беттеш башталгандан кийин дагы стадионго кирүү аракети болуп, полиция көздөн жаш агызган газ колдонгон. Футбол уюму бул маселе полиция жана өлкө бийлиги менен биргеликте иликтене турганын айтты. "Ливерпул" клубу дагы күйөрмандарына түзүлгөн ыңгайсыздыктын себептерин иликтөөгө чакырган.
"Реал" клубу өз тарыхында Европанын эң беделдүү саналаган кубогун ушуну менен 14-ирет утту. "Ливерпул" бул кубокко алты жолу ээ болгон. (AbA)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштадыСузакта окуучуга кол көтөргөн мугалим жумушун улантмай болдуАдвокат Атамбаев жеке клиникага которулбаганын билдирдиКыргызстан кумшекер экспортуна убактылуу чектөө киргизиши мүмкүн