Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалим жумушун улантмай болду

Сузакта окуучуну сабаган мугалимдин жумуштан кетүү тууралуу арызы канааттандырылган жок.

Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

“Мугалимге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, дарылануудан кийин жумушун улантат”, - деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов.

26-майда социалдык тармактарда тараган видеодо окуучуну ур-токмокко алган мугалим жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланган. 25-майда сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видеосу интернетке тараган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул боюнча териштирүү башталганын билдирген болчу.

23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте информатика сабагынан берген мугалим 7-класстын окуучусун сабап койгон.

Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөрүп, иштен кеткен окуялар катталган. (TB\JsA)

Дагы караңыз

Алымкадыр Бейшеналиев үч бөлүм башчыны кызматтан алдыМирзиёев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталарын билдирдиЖапаров ЕАЭБ ичиндеги жүк ташуу маселесин көтөрдү