Бишкек төрагалык кылган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммити өтөт

Евразия экономикалык форуму. 26-май, 2022.

Бүгүн, 27-майда Кыргызстандын төрагалыгы астында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЕЭК) саммити онлайн өтөт. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө өлкөлөрдүн башчылары Бишкекке келбей турганы белгилүү болгон.

Буга чейин коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде жалпысынан 14 маселе бар экенин маалымдаган.

Саммитти утурлай 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны онлайн өттү. Ага Орусиянын президенти, Армения менен Беларустун премьер-министрлери видео байланыш аркылуу, ал эми ошол күнү Бишкекке расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жеринде катышты.

Жапаров анда "ЕАЭБди өнүктүрүү — бул биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, ал ага мүчө-мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бири-бирин толуктоочу процесс", -деп билдирди.

2021-жылы ЕАЭБга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

Дагы караңыз

Түндүк-Түштүк кошумча жолу: таш кулаган тилкенин жанына убактылуу жол салынды Улуттук наркты сактоо программасы боюнча талкуу өтөт Ош менен Жалал-Абаддагы аскердик машыгуулар аяктадыДоналд Лу: Кыргызстан менен АКШнын жаңы келишими даяр Ош облусундагы коомдук жайларга 105 видеокамера орнотулду