Бишкек шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан айып унаа токтотуучу жайында турган унаалардын биринен өрт чыгып, төрт автоунаа күйүп кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздук кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматта Mercedes-Benz Sprinter унаасынын салонунан өрт тутанып, дароо күч алган от катарлаш турган Kia Rio, Ford Focus жана Honda Accord үлгүсүндөгү унааларга жабышкан.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы тартылып, өрт өчүрүлгөн. Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы тийиштүү экспертизалар дайындап, тергөө иштерин жүрүзүүдө.
Жол коопсуздук кызматы күндүн аптабында автоунаанын ичинде жеңил күйүүчү, ысыкта жарылуучу заттарды калтырбоону эскертет.
Быйыл апрелде да Бишкектеги Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан жол коопсуздугунун эрежелерин бузган автоунаалар токтоп турган короодогу төрт жеңил машине күйүп кеткен. (МТа)
Дагы караңыз
Кечки Азаттык (1-чыгарылыш) Кабулда аялдар кыздардын мектепке барышын талап кылган акцияга чыгыштыДоналд Лу: Кыргызстан менен АКШнын жаңы келишими даяр Бишкекте Евразия экономикалык форуму өттү