Бишкекте Евразия экономикалык форуму өттү

Евразия экономикалык форуму. 26-май, 2022.

Бишкекте Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны видео конференция форматында өттү.

Ага ЕАЭБге мүчө Орусиянын президенти, Армениянын премьер-министри, Беларустун премьер-министри видео байланыш аркылуу, Казакстан менен Кыргызстандын президенти жеринде катышты.

Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон.

Иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып, президент Жапаров "ЕАЭБди өнүктүрүү — бул биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, ал ага мүчө-мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бири-бирин толуктоочу процесс", -деп билдирди.

Жапаров бирикменин негизги төрт милдетин белгилеген. Биринчиси, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндигин камсыз кылуу.

Экинчиси — 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын өз убагында ишке ашыруу.

Үчүнчүсү — агроөнөр жай жана өнөр жай тармактарында биргелешип иш жүргүзүүү. Бул — импортту алмаштыруу максатында конкреттүү кооперация долбоорлорун ишке ашыруу жана Биримдиктин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

Төртүнчүсү — туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында биздин интеграцияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алгоритмдерин жана механизмдерин аныктоо.

Бешинчиси — Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттары боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү.

27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны өтөт. Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.

2021-жылы бул уюмга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (МТа)

Дагы караңыз

Казакстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга катышышы мүмкүнКыргыз-казак алакасы: суу-энергетика, экономика, инвестицияБишкек-Нур-Султан: кол коюлган документтерПутин атындагы чокуга Украинанын желеги илиниши боюнча альпинисттер суракка алынды