Молдованын экс-президенти мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда

Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон.

Молдованын Коррупцияга каршы прокуратурасы мамлекеттин мурдагы башчысы Игорь Додонго төрт айып такты, анын ичинде жемкорлук жана мамлекеттик чыккынчылык да бар.

26-майда прокурорлор сотко Додонду отуз суткага камоо өтүнүчү менен кайрылышары күтүлүп жатат. Буга чейин экс-президент 72 саатка кармалып, үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Додон өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук деп атап жатат. Ал ошондой эле азыркы президент Майя Санду мындай жол менен элди экономикалык көйгөйлөрдөн алаксытып жатат деген пикирде.

Тергөөнүн эсебинде, Додон олигарх Владимир Плахотнюктан пара алган. Орусиячыл Игорь Додон Молдованы 2016-2020-жылдары башкарган.

Кремл Додондун ишине жана анын укуктарынын корголошуна тыкыр көз салып жатканын билдирди.

Ал эми 25-майда баш калаа Кишиневде Додондун Социалисттер партиясынын тарапташтары жана мүчөлөрү көчөгө чыгып, анын бошотулушун талап кылышты.

Европадагы эң жакыр мамлекет деп эсептелген Молдова март айында Евробиримдикке кошулууга расмий арыз жазган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: кыргыз-казак мамилесинде саясий келишпестик жок Ооганстандагы жардыруулардан ондон көп адам мүрт кеттиСадыр Жапаров менен Дональд Лу журналист Болот Темиров тууралуу сүйлөштү