25-майда Ооганстандын баш калаасы Кабулда жана өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында болгон жардыруулардан ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылды.
Талибдер башында турган өкмөттүн өкүлү Абдул Нафи Такур “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргендей, Кабулдагы мечитте болгон жардыруу эки адамдын өмүрүн алды. Он чакты киши жарадар болуп, ооруканадан беш киши каза болгонун ырасташты.
Окуя кечки намаз окулуп жаткан маалда болгон. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек. Буга чейин мындай жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Ооганстандагы канаты алып келген.
Ал эми Балх провинциясынын борбору Мазари-Шариф шаарында үч чакан автобуска коюлган бомба жарылып, тогуз киши набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция башкармалыгы билдирди. Ал жактагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму алды.
Дагы караңыз
Токаев: Кыргызстан Казакстандын кудай кошкон кошунасы жана өнөктөшү ЖК: пандемияда ооруган дарыгерлерге кенемте төлөө маселеси көтөрүлдү Сузакта мугалим менен окуучунун чыры боюнча сотко чейинки териштирүү башталды