Жогорку Кеңештин 26-майдагы жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутат Адахан Мадумаров Кыргызстанда банктар чет өлкөлөрдөн которулган акчаларды ошол валютада бербей жатканына байланыштуу маселени кайта көтөрдү. Буга байланыштуу парламенттин тармактык комитети атайын токтом даярдап, жалпы жыйында кабыл алынышы керектигин билдирди.
Бул маселе парламенттин 25-майдагы жыйынында дагы көтөрүлгөн. "Альянс" фракциясынан депутат Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына "Европада эмгектенген мекендештер, акча которуулардагы проблемалар тууралуу мага ондогон киши Фейсбук, Инстаграмдан кат жазган. Евро же доллар которсоңор, арзан баада сом менен берип жаткан банктар жана алардын жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдүм жана көзөмөлдөп турабыз",- деп жазган.
Буга чейин Европадагы айрым журтташтар Кыргызстанга которгон каражаттарын жакындары доллар жана евро менен ала албай жатканына нааразы болушкан. Алар жиберилген каражат сомго эң төмөн баа менен которулуп, ортодо жоготууларга учурап жатканын билдиришкен.
Улуттук банк дооматтарды четке кагып, банктарда евро же доллар жетиштүү көлөмдө болбой калышы мүмкүн деген жүйө келтирген.
Дагы караңыз
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди Акылбек Жапаров: ЕАЭБ экономикалык шериктештиктин үлгүсү болушу керек "Биринчи каналдын" согушту жектеген журналисти Вацлав Гавел сыйлыгын алды