Окуучу кызды сабаган мугалим боюнча комиссия түзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактарда окуучу кызды мугалим сабап жаткан видео тасма боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Окуя 23-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болгон. Окуучуну сабап жаткан информатика мугалими, кыз 7-класстын окуучусу.

Сузак райондук билим берүү бөлүмү түзгөн комиссия окуяны 26-майда териштирип, чечим кабыл алат.

Мугалим сабады деген окуялар буга чейин дагы болуп келген. Алардын бири Бишкекте да катталып, тергөөнүн жүрүшүн акыйкатчы өз көзөмөлүнө алган.

Өткөн жылы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында мугалим сабаган 8-класстын окуучусу аймактык ооруканага түшкөн. (МТа)

Дагы караңыз

Атамбаевге Июнь окуясы боюнча айып тагылдыСот “Кумтөргө” коюлган миллиардаган доону жокко чыгарды "АКШ менен Кыргызстандын жаңы келишими даяр"Путин Украинанын эки облусунун тургундарына орус жарандыгын алууну жеңилдетти