Татиков: чакан жана орто бизнеске 11 банк пайызсыз насыя берет

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Биздин министрлик 11 банк менен кол койду, бул макулдашылды. Учурда 11 банк орто жана чакан бизнеске 1,5 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыя берилип жатат".

Депутат Жалолидин Нурбаев бул маалымат айрыкча региондорго жетпей жатканына токтолуп, банктардын тизмесин жарыялоону, түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүүнү сунуштады.

Өкмөт учурда "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоорун ишке ашырып жатат жана анын алкагында бүгүнкү күндө 3 млрд. 396 млн. сомго 6 миң 746 насыя берилди. Анын ичинен 5557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 млрд. 155 млн сомго, ал эми 241,4 млн. сомдук 1189 насыя күрөөсүз берилген.

Кыргызстандын жер-жерлеринде өкмөт убада кылган пайызы төмөн насыя аз берилип жатканына нааразылар болгон.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген.

Дагы караңыз

Депутат Малиев Кумтөрдүн кирешесинен Нарынга акча берүүгө каршы чыкты (видео)ЖК: "Илбирстин" аскерлеринин тасмасын прокуратура иликтеши керектиги айтылды (видео)Башкы прокуратура Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн мүлкү камалганын четке какты Техас: мектептеги куралдуу кол салууда 18 окуучу жана мугалим мерт болду Мектептерде мындан ары апта башында жана аягында гимн ырдалат