Москвада сабалган 11 жаштагы кыздын апасы арыз жазуудан баш тартты

Мындай маалыматты “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектүү Өзгөн районунун 1974-жылы туулган тургуну экени, ал Орусиянын Москва шаарында жашай турганы аныкталган. Учурда тергөө уланууда.

Окуяны Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева көзөмөлүнө алганы, тиешелүү иш-аракетер жүрүп жатканы айтылды.

22-май күнү Москвада 11 жаштагы кызды бөлөсү сабаганы тууралуу тасма социалдык тармактарда тараган. Кыз Өзгөн районундагы Чаңгет айылынан экендиги белгилүү болгон. Анын маселесин Москвадагы Өзгөн диаспорасынын мүчөлөрү сүйлөшүп, жабырлануучунун эжесинин үйүнө барышкан. Туугандарынан жабыркаган Таңсулуу 2-июнда Кыргызстанга учак менен келет.

Аны Москвадагы Өзгөн диаспорасынын башчысы Алтынбек Рахманалиев өзү коштоп келип, ата-энесинин колуна тапшырары маалымдалды.

Элчилик окуя боюнча Орусиянын жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чара көрүүнү өтүнүп, Москва облустук ички иштер башкармалыгына жана Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылган. (AAb)

Дагы караңыз

Шаардык сот "Кумтор Голд Компаниге" коюлган 261 млрд. сомдук доону жокко чыгарды Алексей Навальныйды тогуз жылга кескен сот өкүмү күчүндө калдыФинляндия менен Швеция НАТО боюнча сүйлөшүү үчүн Түркияга чабарман жөнөттү