Еврокомиссиянын төрайымы Орусия азык-түлүктү курал катары колдонуп жатканын айтты

Урсула фон дер Ляйен Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумунда.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусия азык-түлүктү жеткирүүнү курал катары колдонуп жатканын айтты. Москваны тамак-аш азыктарына болгон бааны көтөрүүгө айыптады. Ал дүйнөдө азык-түлүк жеткирүүдөгү ири камсыздоочу болуп саналган Украинадагы согуштун кесепети оор болорун эскертти.

“Орусия басып алган Украинада Кремлдин армиясы буудайдын жана техниканын запастарын тартып алууда, орус аскердик кемелери Кара деңизде буудай жана күнкарама ташыган украин кемелерин чыгарбай жатат. Орусия учурда өзүнүн тамак-аш азыктарынын экспортун бууп, дүйнөлүк бааларды көтөрүү үчүн же буудайды саясий колдоого пайдалануу үчүн шантаж кылганга даярданып жатат”,-деди ал Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып.

Урсула фон дер Ляйен өткөн кылымда советтик армия түшүмдү басып алгандыктан 1930-жылдары чоң ачарчылык болгонун эскерип, анын натыйжасы миллиондогон украиналыктардын өмүрүн алганын белгиледи.

Мурдараак мамлекеттик жыйындардын биринде Орусиянын президенти Владимир Путин баалардын көтөрүлүшүнө жана товарлардын тартыштыгына Батыштын Москвага салган санкциялары себеп болуп жатканын айткан.
Германиянын өкмөтү Орусия Украинадан 20 миллион тоннадай дан азыктарын экспорттоого бөгөт коюп жатат деп айыптаса, Польшанын президенти Анжей Дуда соңку форумда азык-түлүктүн жетишсиздиги Түндүк Африкадан Европага болгон качкындардын агымын жаратарын эскертти.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму быйыл бул согуштан улам элүүдөй мамлекетте азык-түлүк тартыштыгы болорун эскерткен. Бул Кремл дан азыктарын жана кумшекерди Евразия экономикалык биримдигинин ичинде экспорттоого күзгө чейин тыюу салган учурда айтылган. Аталган уюмдун ичинде бул азыктарды үчүнчү өлкөлөргө сатууну токтотуу демилгелери да көтөрүлүп жатат. (ErN)

Дагы караңыз

Шаардык сот "Кумтор Голд Компаниге" коюлган 261 млрд. сомдук доону жокко чыгарды Орусияда сабалган 11 жаштагы кыз коопсуз жерде Алексей Навальныйды тогуз жылга кескен сот өкүмү күчүндө калдыФинляндия менен Швеция НАТО боюнча сүйлөшүү үчүн Түркияга чабарман жөнөттүТалибдер менен Дүйшөмбүнүн чатагы ырбап баратат