Санариптик өнүктүрүү министри буга чейин айтып чыккан паспорт мафиясы боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу видео кайрылуу жасады.
Министрдин айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдардагы жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялаган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн району боюнча 1667 жарандык паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорт жок экени аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК кармаган Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн адисин, кылмыш иши козголуп, үй камагында отурган Араван районундагы бөлүм башчысын кызматынан бошоткон. Департаменттин кызматкерлерине тартиптик жаза жарыяланган.
24-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Санариптик өнүктүрүү министрлиги боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин көтөрүлгөн. Депутат Дастан Жумабеков министр айтып чыккан паспорт мафиясы унутта калганын, бул иштин жыйынтыгы белгисиз болуп кеткенин айткан.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 100дөн ашык паспортту өлкөдөн чыгарып бараткан адамды кармаган. Андан соң министр 25-апрелде Фейсбуктагы баракчасына Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн жазып чыккан. (МТа)
Дагы караңыз
«Роскосмостун» башчысы Курил аралдарынын аталышын өзгөртүүнү сунуштады Жолболдуеванын иши: милициянын маалыматын Акыйкатчы институту төгүндөдү Досоновдун кримтобунун үч мүчөсү маңзат соодасына шек саналып кармалды Кумтөрдүн кирешесинен Нарын облусун өнүктүрүүгө акча берилет