«Роскосмостун» башчысы Курил аралдарынын аталышын өзгөртүүнү сунуштады

Жапония жана Орусиянын ортосундагы Курил аралдары (саргылт түс менен боёлгон).

«Роскосмостун» башчысы Дмитрий Рогозин Жапония менен Орусиянын ортосундагы талаштуу Курил аралдарынын аталышы орус тилинде “тил сындыра тургандай” экенин белгилеп, өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу пикирин ал “Спутник” радиосунун эфиринде билдирди.

Ал жаңы ат катары 1905-жылкы орус-жапон согушунда урушка катышкан кемелердин урматына "Варяг" жана "Кореец" деп атоону демилге кылды.

“Мен дайым ойлончумун. Бул аралдар Орусияга караштуу экенине толук негиз бар. Ага биздин каныбыз төгүлгөн. Бүткүл Тынч океанында орус каны төгүлгөн. 1905-жылы, 1945-жылы биз өтө көп жоготууларга туш болгонбуз. Анда эмне үчүн бул аралдарга орусча аталыш берилбейт?”,-деп суроо койду Дмитрий Рогозин.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын - Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаини Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келет. Мурда Жапонияга караган аралдарды согуш учурунда Советтер Союзу ээлеп алган.

1956-жылы СССР менен Жапония аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган. Аралдардын макамы келишимдин кабыл алынышын артка жылдырып келет. Орусия аралды өзүнүкү деп эсептейт, Жапония буга макул эмес.

Курил аралдары учурда Орусиянын Сахалин облусунун курамына кирет.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Жапониянын салган санкцияларына каршы жооп катары Москва Токио менен тынчтык келишимин даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыкканын 22-мартта жарыялаган. Токио аралдарды расмий түрдө “Жапониянын Орусия мыйзамсыз оккупациялап турган түпкүлүктүү аймагы” деп атаганга өттү. (ErN)

Дагы караңыз

Жолболдуеванын иши: милициянын маалыматын Акыйкатчы институту төгүндөдү Украина: орус аскерлери кеминде 93 туткунду өлтүргөн Досоновдун кримтобунун үч мүчөсү маңзат соодасына шек саналып кармалды Кумтөрдүн кирешесинен Нарын облусун өнүктүрүүгө акча берилет Жусупбекова пионер уюмунун мааракесине байланыштуу кечирим сурады Пионер уюмунун мааракесин белгилөө боюнча министрлик тапшырма берген