Орусия Украинага бастырып кирген үч айдын аралыгында Ютуб тогуз миңден ашык каналды жапты. Ошондой эле 70 миңден ашык видеону согуштук аракеттер тууралуу туура эмес маалымат камтылган деген негизде жүктөөгө уруксат берилген эмес. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.
Анда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги менен байланышы бар каналдарга согушту "куткаруу миссиясы" катары сүрөттөгөн видеолорду жүктөөгө убактылуу тыюу салынганы айтылат. Бийликчил журналисттердин, телеканалдардын каналдары жабылган.
Ютубга Орусиядан 90 миллионго жакын адам катталган. Өлкөнүн санарип өнүктүрүү министри Максут Шадаев бул платформа жабылбай турганын билдирген. Бирок ошону менен катар эле Гугл, анын ичинде Ютубга тыюу салынган маалымат жарыяланганы үчүн Москва аларга ири суммадагы айып пул салып жатат.
Дагы караңыз
Зеленский Давосто Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырдыАк-Сайга мал айдап кеткен үч киши эки күндөн бери дайынсыз болуудаУкраина: согуш кылмыштарына шектелген орусиялык аскер өмүр бою абакка кесилди