Нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, райондун борбору менен байланышы үзүлгөн Аксынын Ак-Суу айыл аймагына жол ачылды. Бул тууралуу райондун акими Замирбек Сыдыков билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 21-22-майда нөшөрлөп жаан жаап, сел жүргөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Мекеменин маалыматына ылайык, табыгый кырсыкта алты көпүрө жарактан чыкты, Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу жана Кызыл-Туу айыл аймактарында жолдорду суу жууп кеткен. Ошондой эле ондогон үйдү, бир социалдык объектини сел каптаган. Учурда аймакта селдин кесепетин жоюу, чыгымды эсептөө иштери жүрүп жатат.
Май айындагы катуу жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти. (МТа)
Дагы караңыз
Кечки Азаттык (2-чыгарылыш)Жолболдуеванын иши боюнча ондон ашык милиция кызматкерине чара көрүлдүТоолуу Бадахшанда дайынсыз жоголгон адамдар барКыргызча түш жоруган таластык немистер