Автоунаанын айнектерин караңгылатуунун баасы бекитилди

иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнүн тартибин бекитти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык, уруксат алуу үчүн жеке жактар 80 миң сом, юридикалык жактар 100 миң сом, ал эми чет өлкөлүктөр 120 миң сом төлөшү керек.

Уруксат бир жылга берилет. Эгерде унаа ээси уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин колдонуудан баш тартса, төлөгөн акчасы кайтарылбайт.

Такси менен алектенгендерден башка бардык жеңил унаалардын айнегин караңгылатса болот. Уруксат берүүнү жөнгөрүүнү Ички иштер министрлиги жүргүзөт.

Уруксаты жоктор кармалса, 20-40 миң сом айып пул төлөөгө милдеттүү. Ал эми арткы айнектерди караңгылатууга уруксат буга чейин эле бар болчу. (JsA)

Дагы караңыз

Тергөө тобу Дача СУда кыйраган учактан аткезчилик жүк табылбаганын билдирдиАк-Сайга мал айдап кеткен үч киши эки күндөн бери дайынсыз болуудаЖолболдуеванын иши боюнча ондон ашык милиция кызматкерине чара көрүлдү