Министрлик: Бишкек ЖЭБинде майнинг-ферма жок

Бишкек ЖЭБи.

Бишкектеги Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) аймагында майнинг- ферма жок. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев "Азаттыкка" билдирди.

Ал бул боюнча өкмөттө кызматтык колдонуудагы документтер бар экенин, бирок жагдайларын ачык айтпай турганын белгиледи.

8-апрелде Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айрым кызматкерлери аларды башка, ыңгайсыз, тар жайларга көчүрүп жатканы үчүн нааразылык акциясына чыгышкан. Энергетика тармагындагы жетекчилер бошогон кеңсени менчик майнинг-фермага бергени жатканын билдиришкен.

Акциядан кийин "Электр станциялары" ишканасы маалымат таратып, ЖЭБдин кеңсеси майнинг-фирмага берилет деген сөздөрдү четке какты. Ишкананын билдирүүсүндө чыгымдарды оптималдаштыруу жараянынын алкагында аларга караштуу бир компаниянын борбордук аппараты ЖЭБге көчүрүлүп жатканы айтылат.

Кыргызстанда электрондук акча чыгарган компанияларга тыюу салынган эмес, бирок электрдин аздыгынан аларга ток берилбей келет. (МТа)

Дагы караңыз

Тергөө тобу Дача СУда кыйраган учактан аткезчилик жүк табылбаганын билдирдиУкраина: согуш кылмыштарына шектелген орусиялык аскер өмүр бою абакка кесилдиБишкек шаарына 120 электробус алынат Украина Беларус менен чек арасында аскерлер көбөйгөнүн билдирди