Украинанын президенти Владимир Зеленский Швейцариянын Давос шаарында башталган Дүйнөлүк экономикалык форумдун жылдык жыйынына видео байланыш аркылуу катышып, эл аралык коомчулукту Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды.
Ал соңку айларда Украина эркиндикке каршы күрөштүн үлгүсүн көрсөткөнүн, "максималдуу санкциялар" гана негизсиз согуш баштаган Орусия сыяктуу өлкөлөрдү ооздуктай аларын айтты.
Зеленский 23-майдагы кайрылуусунда дүйнө өлкөлөрүн Орусиянын мунайынан баш тартууга, бардык орус банктарын глобалдык финансылык системадан үзүп салууга жана Москва менен сооданы токтотууга чакырды.
Ал эгер Киевге февраль айында эле 100 пайыз жардам көрсөтүлсө, "он миңдеген адамдардын өлүмүн алдын алса болмок" деп кошумчалады жана Украинага курал-жарак керек экенин белгиледи.
Эки жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдагы талкууларда Украинадагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулууда. COVID-19 пандемиясынан улам 2021-жылдагы форум өтпөй калган жана быйылкы бейформал жолугушуулар май айына жылдырылган.
Дагы караңыз
Тергөө тобу Дача СУда кыйраган учактан аткезчилик жүк табылбаганын билдирдиУкраина: согуш кылмыштарына шектелген орусиялык аскер өмүр бою абакка кесилдиБишкек шаарына 120 электробус алынат Украина Беларус менен чек арасында аскерлер көбөйгөнүн билдирдиЖолболдуеванын иши боюнча ондон ашык милиция кызматкерине чара көрүлдүКыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө башталды