Бишкек шаарына 120 электробус алынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын Бишкек шаарындагы транспортту электрлештирүү боюнча макулдашуусун ратификациялоону колдоп берди.

Анын жалпы суммасы 59 млн. 550 миң доллар. Каражаттын 25 млн. доллары насыя, 25 млн. 650 миң доллары гранттык акча. 8,9 млн. доллар өкмөттөн бөлүнөт.

Насыянын мөөнөтү 32 жыл, жеңилдетилген мезгил сегиз жыл (1%), андан кийин 1,5% түзөт. Бул каражатка Бишкек шаарына 120 электробус алуу каралууда.

Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорттун жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. (МТа)

Дагы караңыз

Украина Беларус менен чек арасында аскерлер көбөйгөнүн билдирдиЧечмедеги кырсык: "Айдоочу кыйкырган бойдон келиптир"Жолболдуеванын иши боюнча ондон ашык милиция кызматкерине чара көрүлдүКыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө башталды