Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө башталды

Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагы башталды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракееванын айтуусунда, тестирлөөдөн өтүү үчүн 47,4 миң адам катталган.

Аны өткөрүү үчүн республика боюнча 117 борбор ачылган.

Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен жадыбалга ылайык, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагы үч этап менен өтөт.

1-этап - 24-25-май күндөрү;
2-этап - 27-28-май күндөрү;
3-этап - 24-25-июнда болот.

Акыркы жолкусуна мурунку этаптарда жүйөлүү себептер менен сынак тапшыра албай калгандар катышат.

Жалпы республикалык тестирлөө сынагына катталбай калган бүтүрүүчүлөр тест борборлорунда 23-26-май күндөрү жана 23-июнда жазылса болот.

ЖРТга катышуу үчүн каттоо 16-февралда башталып, 6-апрелде аяктаган.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 (предметтик 60) бойдон калганын, бирок тесттин жыйынтыгына жараша бул чек өзгөрүшү мүмкүндүгүн маалымдаган.

Быйыл Кыргызстанда 68 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. (МТа)

Дагы караңыз

Чечмедеги кырсык: "Айдоочу кыйкырган бойдон келиптир"Баку менен Еревандын биргелешкен комиссиясынын жыйыны чек арада өтөтБишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Дональд Лу келди Жолболдуеванын иши боюнча ондон ашык милиция кызматкерине чара көрүлдү