Дача СУ: комиссия прокуратура менен милициянын маалыматын угат

Коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулган.

Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссиянын бүгүн, 23-майдагы жыйынында Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комиссиянын башчысы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулган жана анда ишин уюштурууга байланыштуу маселелер талкууланып, такталган.

Шыкмаматов анда комиссия ириде кыйраган учактагы жүккө жана элден чогулган акчага байланыштуу жагдайды тактарын билдирген.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан.

Кырсыктык алгачкы күнүнөн тартып эле кырсыктын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруу учурундагы аракеттерге байланыштуу бир топ суроо жаралган.