Аба ырайы: Жаан жаайт

Кыргызгидромет 22-23-май күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы туруксуз болорун эскертет. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу, шамал менен коштолот. Мындай аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

23-майда Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында жамгыр жаайт. Айрым аймактарда катуу жаан-чачын болот. Бийик тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,

Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-2, күндүз -1...+4°.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 19…21 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Польшанын президенти Анжей Дуда күтүүсүз сапар менен Киевге барды Ооганстанда аял журналисттер эфирге жүзүн жаап чыга баштады Министр кырсык болгон Чечме айылына бардыКанада менен Австралияда маймыл чечеги катталдыТаш кулатуу ишинен улам Боомдо жолдун бир тарабы убактылуу жабылат