Австралияда ишембиде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өкмөт алмашат. Премьер-министр Скотт Моррисондун Либералдык жана Улуттук партиялардан турган башкаруучу коалициясы шайлоодо утулуп калды. Жеңишти Энтони Албаниз жетектеген оппозициялык лейбористтер алды. Ал министрлер кабинетинин жаңы башчысы болуп калат.
Моррисон Албанизди жеңиши менен куттуктады.
Добуштарды саноо дагы эле уланууда. Лейбористтер парламенттин 151 орундуу төмөнкү палатасында абсолюттук көпчүлүктү али кепилдей элек. Алар Жашылдар же көз карандысыз депутаттар менен коалиция түзүүгө аргасыз болушу мүмкүн.
Кампанияда токойлордогу катастрофалык өрттөрдөн кийин климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери маанилүү ролду ойноду. Башкаруучу коалициянын жеңилишине инфляциянын өсүшү жана жашоонун кымбатташы да таасирин тийгизди. Австралияда 9 жылдык борбордук-оңчулдардын башкаруусунан кийин бийликке солчулдар кайтып келди. (КЕ)
Дагы караңыз
Кадамжайдагы жол кырсыгына кабылган автоунаа ӨКМге таандык болгон"Медиазона": Украинадагы согушта кеминде 2622 орусиялык аскер каза болдуКадамжайдагы кырсыктан сегиз киши каза болгону айтылдыМилиция Кадамжайдагы кырсыкты териштире баштады