Саламаттык сактоо министрлиги Баткендин Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жеринде болгон жол кырсыкта жалпысынан 14 киши жабыркаганын кабарлады. Министрликтин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун айтымында, беш киши кырсык болгон жерде, экөө Айдаркендеги ооруканага алып бараткан учурда үзүлгөн. Экөө медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Каза тапкандардын бири Өзбекстандын жараны экени айтылды.
Ар кандай жараат алган беш киши Айдаркендеги оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Алардын экөө балдар. Жабыркагандардын бирөөнүн абалы оор, калган төрт кишинин абалы орточо оор деп бааланууда.
Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжай районундагы Чечме айылында ири жол кырсыгы катталганын Өзгөчө кыдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлаган. Алдын ала берилген маалыматка караганда, аталган айылдын Өзбекстан менен чек арадагы жердеги “Чечме” өткөрүү постунда оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, өткөрүү постундагы имарат менен токтоп турган машинелерди сүзүп өткөн.
Социалдык тармактарга кырсык болгон жерден видео, сүрөттөр тарады. Анда бир нече машина жараксыз абалга келгенин көрүүгө болот.
Кырсык болгон жерде ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучусу иштеп жатат. Министрликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.
Кадамжай райондук милициясынын ыкчам тобу ири кырсык катталган жерге барып, каза болгон адамдардын тек-жайын тактоодо. (КЕ)
Дагы караңыз
Милиция Кадамжайдагы кырсыкты териштире баштадыАксыда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптадыОрусия Финляндияга жаратылыш газын берүүнү токтоттуЖумгалда прокурор менен соттун кармалышынын жаңы жагдайлары айтылды