Орусиянын Юстиция министрлиги оппозициячы, шахмат боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Гарри Каспаров менен ишкер жана коомдук ишмер Михаил Ходорковскийди "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди. Бул реестр жакында эле толуктала баштады, анда азыр 7 адам бар. Ходорковский Украина менен, Каспаров Украина жана америкалык Адам укуктары фонду менен байланышы бар шек саналууда.
Учурда экөө тең чет өлкөдө жашайт жана Орусия президенти Владмир Путиндин саясатын, Украинага согуш ачканын сындап келишет. Вильюнюста алардын катышуусунда орусиялык эмигранттардын "Орус кыймылынын аракети" аттуу жаңы уюм түзүлдү.
"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамга ылайык, тизмеге кирген уюмдар жана адамдар атайын каттоодон өтүп, бардык материалдарга "чет элдик агент" экенин жазып турушу керек. Эрежеге баш ийбегендерге айып пул салынат.
Буга чейин шахмат боюнча дүйнөнүн 13 жолку чемпиону, оппозициячыл саясатчы Гарри Каспаров “Настоящее Время” телеканалы менен болгон маегинде Путин Украинаны “жер менен жексен кылууну көздөп жатканын, аны азыр токтотуп калбаса, согуш оту бүтүн Европага жайыларын” эскерткен. (КЕ)
Дагы караңыз
Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна чектөөлөр кирдиОрусия Мариуполду жана "Азовсталь" заводун толук көзөмөлгө алганын билдирдиЛейлекте эки жүздөй кой-эчкини сел агызып кетти Түркия "Сапат" билим берүү мекемелерине чектөөлөрдү киргизди