Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Ирандын бийлигин кымбатчылыкка байланыштуу нааразылыкка чыккандардын кармаганын айыптап, муну элдин эркин басуу аракети катары мүнөздөдү. Мекеменин билдирүүсүндө, акциялар башталган эки аптадан бери ондогон активисттерди, анын ичинде белгилүү социологдорду жана укук коргоочуларды кармаганы баяндалат.
Ирандын президенти Ибраим Раиси майдын башында бир катар экономикалык чараларды, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен баасы туруктуу кармалган айрым товарларга субсидиялар алынарын жарыялаган. Натыйжада өлкөдө азык-түлүктүн, көбүнчө ун менен майдын баасы кымбаттап кеткен.
Бул өлкөдө нааразылыкты жаратып, бир катар провинцияларда жана шаарларда акциялар өтүүдө. Каршылыкка чыккандар Раиси менен Ирандын жогору лидери Али Хаменеинин кызматтан кетишин талап кылууда. Полиция кагылышууда кеминде беш адам өлгөнү кабарланды. Ондогон адамдар кармалды.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык чектөөлөр киргенден кийин дүйнөдө азык-түлүк жана башка багыттагы товарлар кымбаттай баштаган. Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин баалар дагы өстү.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму быйыл бул согуштан улам элүүдөй мамлекетте азык-түлүк тартыштыгы болорун эскерткен. (ErN)
Дагы караңыз
Он чакты өлкөдө маймыл чечеги кишилерге жуккан учурлар аныкталдыТүркия "Сапат" билим берүү мекемелерине чектөөлөрдү киргиздиОрусия “Азовсталда” эки миңдей украин аскери багынып бергенин билдирди