Украинада орусиялык аскерлердин үстүнөн экинчи сот иши башталды

Украинанын Харьков аймагында талкаланган орусиялык аскердик техникалар. 27-февраль, 2022-жыл.

20-майда Украинанын Полтава облустук соту аскер туткундары Александр Бобыкин менен Александр Ивановдун үстүнөн ачылган ишти карап баштады. Аларга украин жергесиндеги согуш кылмыштары үчүн айып тагылууда. Тергөөнүн маалыматына караганда, келишимдик негизде кызмат өтөгөн Бобыкин менен Иванов Харьков облусундагы эки аткылоого катышкан. Анда айылдардагы үйлөр жана башка социалдык имараттар талкаланган. Аскерлер 12 жылга чейин камалышы мүмкүн.

Бул Украинага баскынчылык менен келген орусиялык аскерлердин үстүнөн жүрүп жаткан экинчи соттук иш. Украинанын жайкын тургунун өлтүрүүгө айыпталган орус танкисти Вадим Шишимариндин үстүнөн 13-майда башталган иш алгачкысы болуп калды. Шишимарин Сумы районунда 62 жаштагы куралсыз карапайым кишини өлтүргөнүн моюнга алган. Прокуратура соттон аны өмүр боюу кесүүнү өтүндү.

Дагы караңыз Орус аскери: Күнөөмдү моюнума алам, кечирип койгула

Украинанын бийлиги орусиялык аскерлерди көптөгөн кылмыштарга – жайкын тургундарды өлтүрүүдөн баштап талап-тоноочулукка чейин айыптап жатат. Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова кеминде 10 миң 700 аскердик кылмыш иликтенип жатканын, анда 600 адам шектелип жатканын белгиледи. Анын ичинде Орусиянын аскерлери жана мамлекеттик кызматкерлери да бар.

Эл аралык сот дагы аскердик кылмыштар боюнча иликтөөсүн жүргүзүүдө. Буга чейин БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Украинанын аймагындагы кылмыштык аракеттерге барган орус аскерлерине карата коюлган айыптарды иликтөө жөнүндө резолюцияны жактырган. Документте БУУнун Украинадагы адистери документтештирген ок атуучу куралдарды пайдалануу, кыйноо, зордуктоо жана башка таш боордук менен жасалган фактылар белгиленген.

Украинанын бийлиги Орусиялык аскерлер кол салган алгачкы айда Киев облусунда эле кеминде миңдей адам өлгөнүн билдирүүдө. Wall Street Journal басылмасы өткөн жумада Киевдин жакасындагы жолдогу бир эле аткылоодо 37 адам өлгөн учур катталганын жазды.

Орусияда дагы Донбасстагы жайкын тургундарды атууга шектелген украин аскерлерине каршы кылмыш иштери козголгон. Өткөн аптада Тергөө комитети төрт украиналык жоокерге айып такты. (ErN)

Дагы караңыз

Он чакты өлкөдө маймыл чечеги кишилерге жуккан учурлар аныкталдыТүркия "Сапат" билим берүү мекемелерине чектөөлөрдү киргиздиКыргызстанда “Дежавю” спектаклин коюуга тыюу салындыЛейлекте эки жүздөй кой-эчкини сел агызып кетти Орусия “Азовсталда” эки миңдей украин аскери багынып бергенин билдирди