Теңчиликти туу туткан кайрылман үй-бүлө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Давран Асраров жана Муниса Алибаева Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар. Алар азыр төрт баланы тарбиялап жатышат. Үй-бүлө жашаган Чүйдүн Виноградное айылында эки жылдан бери этникалык кыргыздарга гендердик теңчилик боюнча окуулар өткөрүлүп келет. Анда Давран жана Муниса "Мыкты үй-бүлө" сынагын утуп алган.

Давран Асраров жана Муниса Алибаева Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар. Алар Кыргызстанда баш кошуп, төрт баланы тарбиялап жатышат. Үй-бүлө жашаган Чүйдүн Виноградное айылында эки жылдан бери этникалык кыргыз үй-бүлөлөргө гендердик теңдик тууралуу окуулар өткөрүлүп келет. Окууга катышкан Давран жана Муниса айыл ичинде өткөн "Мыкты үй-бүлө" сынагын утуп алган. Жубайлар зомбулуктан, үй-бүлөдөгү чыр-чатактан алдын алуу боюнча окууларды эми айылдаштарына өтүп жатышат. Кабарчыбыз Айгерим Акылбекова кененирээк баяндайт.