Башкы прокуратура Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине ылайык Убактылуу өкмөттүн үч мүчөсүнө айыбын угузду. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу иштин жагдайлары жашыруун экени айтылды. Айыпталуучулар бул иште саясий боёк бар экенин айтып, аны саясий ишмердиги менен байланыштырууда. Ал эми бийлик бул ишти коомчулуктун талабы менен жандантканын айтууда.
Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы 20-май күнү 2010-жылдагы июнь калабасы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн үч мүчөсүнө - генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Исмаил Исаковго жана саясатчы Бектур Асановго айып тагып, иштин материалдары менен тааныштырды.
Убактылуу өкмөттө Кеңешбек Дүйшөбаев УКМК төрагасы, Исмаил Исаков коргоо министри, түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана Бектур Асанов Жалал-Абад облусунун ошол кездеги губернатору болуп турган.
Бул үч саясатчыга кандай негизде кылмыш иши козголуп, алардын аракеттеринде кандай конкреттүү шектүү жагдайлар болгону ачык жарыялана элек.
Ошол кезде (2010-жылы) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеген Кеңешбек Дүйшөбаев иш козголуп, айып тагылганын азыркы учурдагы оппозициялык ишмердиги менен байланыштырды.
“Мага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып коюлду. Бул буюртма иш. Биз азыр оппозицияда жүргөндүктөн басым кылып жатышат. Иште эч кандай далилдер жок экен. Айыптоо корутундусунда “ага жол берген” деп эле жазылыптыр. Башка эч нерсе деле жок. Мындан ары тергөө, сот адилет болушу керек. Бирок биз аны көрө албай жатабыз”, - деди Дүйшөбаев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет былтыр эле 2010-жылы июнь айындагы этникалык кагылышка жол бергени үчүн Убактылуу өкмөткө мурда козголгон кылмыш иштерин жандантып, кайрадан тергеле баштаганын билдирген. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка ишти кайрадан иликтөөнү тапшырган.
Дагы караңыз Июнь коогасы: Президент Жапаров суракка кирип чыкты
Июнь коогасы боюнча Атамбаев бийлигинин тушунда 2016-жылы эле кылмыш иштери козголуп, бирок кийин токтоп калган.
Коомчулукта 12 жыл мурдагы июнь окуясына толук укуктук баа бериле элек деген суроолор коюлуп келди. Ошондуктан ага жол берген ошол кездеги кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо демилгеси байма-бай көтөрүлүп турду.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева бул иш боюнча жоопкерчилик бардыгына бирдей болушу керек дейт.
“Мына ошол кандуу калабада каза тапкан шейиттер ушул күнгө чейин тынч жайын таба элек. Анткени бул ишке аралашкандар жана түздөн-түз күнөөлүүлөр аныкталып, өз жазасын алган эмес. Азыр болгону үч саясатчыга кылмыш ишин козгоп, калгандары четте калганы болбойт. Андан көрө бул бийлик ал окуяларды иликтебей койсо туура болмок. Ал кандуу окуяларды саясий кызыкчылык менен пайдаланууга болбойт. Иликтесе, аны акыйкат жана ачык иликтеши керек. Эл чыныгы күнөөлүү адамдар кимдер экенин билиши зарыл”.
Башкы көзөмөл органдын тергөө башкармалыгы 2010-жылы Июнь окуясында Убактылуу өкмөттө жооптуу кызматтагыларга, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине карата Кылмыш-жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Кызматтык шалаакылык" жана "Кылмышка көмөктөшүү" беренелиринин негизинде бир нече эпизоддор боюнча кылмыш иштерин козгогон.
Башкы прокуратуранын өкүлү Сирожиддин Камолиддинов бул иштин алкагында алдыда жоопко тартыла турган Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү жана анын жагдайлары тууралуу суроону азырынча жоопсуз калтырды.
“Бул кылмыш иштери тууралуу биз атайын маалымат тараткан жокпуз. Алар өздөрү чыгып айтып жатышат. Биз тергөө жүрүп жаткандыктан буга карата эч кандай маалымат бере албайбыз. Анткени мыйзам боюнча тергөөнүн купуялуулугу деген бар. Тергөө амалдары бүткөндөн кийин гана анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилет”.
Июнь коогалаңы боюнча Башкы прокуратурага 25-апрелде Камчыбек Ташиев, 27-апрелде Садыр Жапаров күбө катары сурак берип чыккан. Бул иш боюнча баш-аягы мындан 12 жыл мурун Убактылуу өкмөттө жетекчилик кызматтарда турган же андан кийинки териштирүүлөргө аралашкан 15 адам сурак берди.
Мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков ага жикчилдерге көмөктөшкөн деген далили жок айып тагылганын айтып, мунун түпкү саясий себебин кийин түшүндүрөрүн билдирди.
“Чакырып, айыптарын тагышты. Койгон күнөөлөрү курулай доомат жана жалган жалаа. Кээ бир жеринде адамдын күлкүсүн келтире турган жерлери да бар. Тергөө "жикчил топторго көмөктөшкөн, жардам берип, колдоп турган жана Кадыржан Батыровду өлкөдөн чыгарганга шарт түзүп берген” деген сыяктуу эч бир далилдерге таянып, негизи болбогон айыптоосун коюп жатат. Биз суракта ага макул эмес экенибизди айтып, колду коюп берип чыктык. Ал эми бийлик эмнеге ушундай кадамга барып жаткан себептерин кийин түшүндүрүп беребиз. Албетте, мунун артында абдан чоң саясат бар. Бул боюнча кеңири түшүндүрмө болот”.
Кыргызстанда 2010-жылы 7-апрелдеги толкундоолордон соң бийлик алмашкан. Ошол жылы 11-июнга караган түнү Ош жана Жалал-Абад облустарында этникалык кагылыш чыккан.
“Июнь окуясы” деген ат менен белгилүү болгон бул кандуу калабада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. Башаламандык учурунда 57 адам жоголуп, алардын 19у дагы эле дайынсыз.
Июнь окуяларын Евробиримдиктин депутаты Киммо Кильюнен баштаган эл аралык комиссия, академик Абдыганы Эркебаев жетектеген улуттук комиссия жана генерал Токон Мамытов баштаган депутаттык комиссия иликтеп, тыянагын чыгарган.
Корутундулардын дээрлик бардыгында бул этникалык кагылыш бийликтин боштугунан пайдаланган ички-сырткы реваншисттик жана жикчил күчтөрдүн чагымынын жыйынтыгы катары каралган.