Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов дүйнө салды

Бактыбек Мамытов.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкери, белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов узакка созулган оорудан улам 20-майда 72 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ал Улуттук каналда дээрлик 50 жылдай эмгектенгенин каналдын директору Кайрат Иманалиев билдирди.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Маалыматка караганда, акыркы жылдары анын жүрөгү ооруп жүргөн.

Бактыбек Мамытов Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Даңк" медалынын ээси. Ал Улуттук телерадиоберүү корпорациясындагы “Арноо концертинин” алып баруучусу катары коомчулукка таанылган. (BTo)

Дагы караңыз

Добрынина: Кыргызстанга инсулин июндан эрте келбейтИюнь окуясы боюнча үч саясатчыга айып коюлдуОрусиянын "кара тизмесинде" 82 миң кыргыз жараны бар экени айтылдыСулайманов: Мектепке Лениндин бюсту өзүм билемдик менен коюлган