Былтыр чет жактан 540, быйыл төрт айда 224 мигранттын сөөгү келди

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын чет жакта жашаган 224 жаранынын сөөгү өкмөттүн жардамы менен мекенине жеткирилгенин бүгүн 20-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында маалымат берип жатып тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Ал эми былтыр, Мадмаровдун айтымында, бир жыл ичинде 540 “Жүк-200” келген:

“Быйыл президенттин 22-февралдагы жарлыгынан кийин өкмөттүн токтому кабыл алынып, ар бир өлкөдөн канча акча кетери аныкталган. Былтыр 540 сөөк мекенге жеткирилип, ага бюджеттен 45 миллион сом сарпталган. Мурда 50 миң деген бир эле аныкталган сумма бар эле, ошонун негизинде 15 миллиондун тегерегинде акча сарпталчу. Быйыл январдан апрелге чейин 224 сөөк алынып келинди, жалпы суммасы 21 миллион сом болду”.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. Андан сырткары, кыргызстандык жарандар башка чет мамлекеттерде да эмгектенишет, алардын так саны расмий айтыла элек (RK)