Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) 27-майда Бишкекте пландалган жыйыны видеоконференция форматында өткөнү калды. Бул тууралуу 20-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев журналисттерге айтты.
Ал Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин жолугушуусу эмне себептен онлайн форматта өтөт деп чечилгенине түшүндүрмө берген жок.
19-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Беларустун БелТА мамлекеттик агенттигине саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.
2021-жылы Евразиялык экономикалык жогорку кеңешке Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр декабрь айында Кыргызстан өткөрүп алган.
Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (BTo)
Дагы караңыз
Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси бир айга үй камагына алынды Таластагы реабилитациялык борбор үчүн кайрымдуулук аукциону өтөт Орус драмтеатрынын артисттери жетекчисине карата чара көрүүнү өтүнүштүАКШ Сенатында Украинага 40 миллиард доллар бөлүү чечими кабыл алынды