"Биз өгөй баладайбыз". Тоолуу Бадахшандагы чыңалууга эмне себеп?

Былтыр ноябрь айында жергиликтүү тургундун өлүмүнө нааразылык билдирген миңдеген адам Хорогдогу облустук администрациянын алдына чогулган.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы соңку кандуу кагылышууга бийликтин митингчилердин бир катар талаптарын четке какканы түрткү берди. Бирок борбордон алыс бул аймактагы көйгөйлөрдүн тамыры алда канча терең.

Расмий Дүйшөмбүнүн маалыматына ылайык, Тоолуу Бадахшанда 16-майда нааразылык билдирген топ менен күч кызматкерлеринин кагылышуусунда жергиликтүү бир тургун, 18-майда бийлик "антитеррордук операция" деп мүнөздөгөн окуяда тогуз митингчи жана бир офицер каза тапты. "Азаттыктын" тажик кызматынын булактары бейшембидеги кагылышууда 21 адам өлгөнүн билдирүүдө.

Баштапкы нааразылыкты улай милиция менен митингчилердин кагылышуулары калк чачыранды жайгашкан автоном облустун башка аймактарында да катталды.

Митингчилер алардын талабын четке какканына расмий жетекчилерге нааразылыгын билдиришти. Алар былтыр ноябрь айында жергиликтүү тургундун милициянын колунан каза табышын иликтөө, соңку айларда камалган бир катар активисттерди жана башка адамдарды бошотуу, облустун губернаторун жана Хорог шаарынын мэрин отставкага кетирүү сыяктуу талаптарды коюшкан эле.

Бирок Тоолуу Бадахшандагы көйгөйлөрдүн жана жергиликтүү калк менен борбордук бийликтин ортосундагы ишенбөөчүлүктүн тамыры кыйла терең.

Тажикстандын картасы.

Бул регион Тажикстандын жалпы аймагынын 45 пайызын ээлегени менен калкынын үч пайызын гана түзөт. Бул облуста күч колдонуу менен коштолгон митингдер жана кагылышуулар көп болгон. Маселен, 2012-жылдын июль айында Тажикстандагы 1992-97-жылдардагы жарандык согуштан берки эң кандуу окуя дал ушул облуста катталган.

Бийликтин маалыматына ылайык, дээрлик он жыл мурдагы бул окуяда кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылган. Ошондогу кагылышууга Тажикстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин регионалдык жетекчисинин бычакталып өлтүрүлүшү негиз берген. Айрым булактар кандуу кагылышта 200 миңден ашуун адам өлгөнүн айтып келишет.

Бийлик атайын кызматтын жергиликтүү жетекчисинин өлүмү үчүн жергиликтүү таасирдүү лидер Толиб Аёмбековду күнөөлөп, ал жетектеген куралдуу топко каршы аскердик операция уюштурган. Аёмбеков өкмөттүн мындай айыптарын четке каккан.

Аскердик операция маалында өкмөт автономдуу облуска жүздөгөн аскер күчтөрүн жөнөткөн. Ал аскерлер жергиликтүү тургундардын каршылыгына карабай, аймакта алигиче кала берүүдө.

Бул окуядан эки жыл өтүп-өтпөй Хорогдо жаңы нааразылык тутанган. Андан төрт адам набыт болуп, алты киши жаракат алган.

Жергиликтүү лидерлер

Аёмбеков - Тоолуу Бадахшандагы бейформал лидерлер деп мүнөздөлгөн ондогон жергиликтүү тургундардын бирөө гана. Алардын жергиликтүү жамааттар арасындагы таасири чоң. Бул Дүйшөмбүнү кубанткан жагдай эмес.

Аёмбеков 1992-97-жылдардагы жарандык согушта өкмөткө каршы күрөшкөн бириккен оппозициянын мүчөсү болчу. Бул согуш он миңдеген адамдын өмүрүн жалмап, 1 миллиондон ашуун тажик жаранынын жер которушуна негиз берген.

Согуштун соңундагы тынчтык келишиминде Аёмбеков чек ара бөлүгүнүн командири болуп дайындалып, бул кызматты бир нече жыл аркалаган.

Айрым бейформал лидерлерге баңгизат, курал-жарак жана баалуу таштардын аткезчилигине байланыштуу кине тагылып келет. Бул лидерлердин тарапташтарын кайсы бир чабуулдарга жана расмий жетекчилерге кол салууга байланыштыргандар да бар.

Расмий Дүйшөмбү соңку нааразылык үчүн жергиликтүү таасирдүү лидерлердин бири Махмадбокир Махмадбокировду жана анын тарапташтарын айыптады.

Февраль айында 58 жаштагы Махмадбокировго "өкмөт өкүлүн мазактаган жана ага каршы күч колдонгон", "этностор аралык кастыкты козуткан" деген расмий айып коюлган. Махмадбокиров айыптарды четке кагып, өзүнө жалган жалаа жабылып жатканын айткан.

2018-жылы тажик бийлиги Аёмбековго, Махмадбокировго жана дагы беш бейформал лидерлерге "кылмыштуу" аракеттерге аралашпоо тууралуу эскертүү берген.

Соңку айларда Дүйшөмбү Тоолуу Бадахшандагы бейрасмий лидерлерге жана таасирдүү фигураларга басымды ого берет күчөткөн.

13-майда соттолгон спортчу Чоршанбе Чоршанбиев.

Өткөн айдын соңунда быйыл жыл башында Орусиядан экстрадицияланган дагы бир лидер Амриддин Аловатшоев 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал "адамдарды барымтага алган жана алардын эркиндигин чектеген" деп айыпталган. 44 жаштагы Аловатшоевдин жакындары айыптарды негизсиз деп четке кагышкан.

13-майда мушташтын аралаш түрлөрү боюнча белгилүү спортчу, бадахшандык Чоршанбе Чоршанбиев 8,5 жылга абакка кесилген. Сот аны интернет аркылуу “Конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого" күнөөлүү деп тапкан.

26 жаштагы Чоршанбиев декабрь айында Орусиядан алып келинип, камакка алынган. Ал өзү күнөөсү жок экенин айтып келет.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматынын булактары 17-майда билдиргендей, Дүйшөмбү Орусияда жүргөн тоолуу бадахшандык дагы бир нече таасирдүү адамдарды экстрадициялап алууну көздөп жатат.

Жикчилдикке байланыштуу айыптар

Узак жылдан бери тажик расмий жетекчилери тил жагынан өзгөчөлөнгөн бул региондогу "айрым элементтерди" Тоолуу Бадахшандын Тажикстандан көз карандысыз болушун көздөйт деп айыптап келет.

Бул региондогу жергиликтүү өкмөт 1992-жылы жарандык согуш башталган учурда Тажикстандан көз карандысыздыгын жарыялаганы менен андан бери автономдуу облустагы бир дагы топ же таасирдүү лидерлер эгемендик тууралуу ачык чакырыктарды жасаган эмес.

Тоолуу Бадахшандын 230 миңден ашуун калкынын басымдуу бөлүгү исламдын шиит багытынын бир бутагы саналган исмаилизмдин жактоочулары. Тажикстандын калган калкы өздөрүн суннит мусулмандары деп эсептешет.

Тажик тили облуста расмий тил болгону менен жергиликтүү калк көбүнесе шугни, рушани, бартанги жана язгулями сыяктуу жергиликтүү тилдерде сүйлөшөт.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору - Хорог шаары.

Атын ачык атабоону өтүнгөн тажикстандык саясат таануучунун айтымында, облустагы чыңалууга көз карандысыздык же кеңирирээк автономия тууралуу каалоо-тилектер эмес, өкмөттүн "туура эмес саясаты" себеп болуп жатат.

"Азырынча митингчилердин расмий талаптары милициянын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу маселелер менен гана чектелип жатат. Нааразылык негизинен социалдык мүнөзгө гана ээ. Чөлкөмдүн бардык лирдерлери адатта өздөрүн саясий оппозициядан оолак кармап келишет", - деп билдирди саясат таануучу "Азаттыктын" тажик кызматына.

Бирок ал "эгер өкмөт чоң муштумдук кыла берсе, келечекте чөлкөмдөгү кыймылдар радикалдашат" деп эскертти.

Талдоочу кошумчалагандай, бийлик жергиликтүү элдин "облустагы жаратылыш байлыктарынан түшкөн кирешенин баарын өкмөт көзөмөлдөйт, регион анын ордуна минималдуу гана субсидия алат" деген даттанууларына кулак салышы зарыл.

Дагы караңыз “Бишкек Тоолуу Бадахшандагы абалга тыкыр көз салышы керек”

Дүйшөмбү ишенимге ээ болуу үчүн эмне кылышы керек?

Жергиликтүү тургундардын айтымында, өкмөт Тоолуу Бадахшандын элине ишенбейт, ошол эле учурда аларды "теңине да албайт."

"Бийлик бизге өгөй баладай мамиле жасайт. Себеби биздин тилибиз башкача", - деди Хорогдун тургундарынын бири "Азаттыктын" тажик кызматына. "Алар керек болсо бизди мусулман деп да санашпайт".

Коопсуздукка байланыштуу атын атабаган бул тургун "облустагы көп адамдар [тажик] бийлиги Тоолуу Бадахшан Тажиктандын бир бөлүгү болушун каалайт, бирок бул аймактын элин каалабайт деп ишенишет" деп айтып берди.

Хорогдун тургунунун пикиринде, Тоолуу Бадахшандын эли да Дүйшөмбүгө ишенбөөчүлүк менен мамиле кылат.

"Бул өкмөт биздин кызыкчылыгыбызга туура келбейт. Бул менин өкмөтүм эмес", - деди ал.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен уулу Рустам.

Ал "өкмөт жергиликтүү жетекчилерди алмаштыруу жана камалгандарды бошотуу сыяктуу талаптарды аткарса, ага ишенет белеңер?" деген суроого "бул жардам бермек" деп жооп берди.

"Эгер президент Эмомали Рахмон конкреттүү талаптарга макул болсо, эл муну жакшы ниеттин белгиси деп кабыл алмак жана бул өзгөрүү жасамак", - деди ал "Азаттыктын" тажик кызматына.

Борбор Азия боюнча эксперт, A&M Техас университетинин изилдөөчүсү Эдвард Лемон өкмөт Тоолуу Бадахшандын калкынын ишенимине ээ болом десе, биринчи жумушту интернетти калыбына келтирүүдөн башташ керек экенин айтты. Бул чөлкөмдө интернет 2021-жылдын ноябрынан бери иштебейт.

Лемондун айтымында, бийлик "тынч митингчилерге каршы күч колдонууну токтотушу керек" жана чөлкөмдөгү окуяларды чагылдырууга аракет кылган медиа каражаттарына бөгөт койбошу керек деп кошумчалады.

"Өкмөт бейформал лидерлерге негизделген жергиликтүү жарандык коомго сабырдуулук көрсөтүшү керек жана аларды жок кылуунун ордуна, өз бийлигин таңулоонун ордуна бул түйүндөрдү колдошу зарыл", - деди Эдвард Лемон.

Бирок изилдөөчү өкмөт чыңалууну басаңдатуучу бул сыяктуу чараларга барат деп ишенбейт. Ал тескерисинче, бийлик "Памир элине каршы репрессияны күчөтөт" деп кооптонуп турат.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун англисче макаласын бул жерден окуңуз.