Инсулин маселеси боюнча түшүндүрмө берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги инсулин маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди. АКИpress маалымат агенттиги министрликтин башкы эндокринологу Наталья Добрынинага таянып кабарлагандай, инсулин өлкөгө ташылып келе жатат жана айрым партиялары жетип калды.

Анын айтымында, июнь айынын аягына чейин инсулиндин картриж түрүндөгү аналогдору жана актрапид келет, калган инсулиндерди алып келүү мөөнөтү такталууда.

Мындан тышкары, 8-июнга чейин Дүйнөлүк саламаттык уюмунан гуманитардык жардам келет.

Добрынина билдиргендей, инсулин менен камсыз кылуу февраль айында тендер үзгүлтүккө учурагандыктан кармалууда.

Кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин түгөнүп бара жатканы тууралуу маселе өткөн айда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда кант диабети менен расмий каттоодо 60 миңдей адам турат, бул сан үч-төрт эсе көп болушу ыктымал. (RK)