Кызыл-Кыяда шахтада бир киши газга ууланып каза болду

Кызыл-Кыя шаарындагы кырсык болгон шахта.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр шахтасында 19-майда 34 жаштагы адам газга ууланып каза болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирип, маркум Ноокат районунун тургуну экенин кабарлады. Анын сөөгү жакындарына берилди.

Кара-Козу айылында шахтада газ чыгып, анда жумушчулар калып калганы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшүп, куткаруу иштерине беш кызматкер тартылган.

2021-жылдагы маалымат боюнча Баткен облусу боюнча көмүр казууга 215 лицензия берилген. Көмүр кендеринде уулануудан же шахта урап, басып калгандан каза болгон окуялар буга чейин бир нече жолу катталган. (BTo)

Дагы караңыз

SuperTVнын кызматкерлерине парламентке кирүүгө уруксат бериле элекМосква “Азовсталда” 1700дөн ашык аскер багынып бергенин маалымдадыИсмаилиттердин лидери Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга камтамачылык билдирди Менчик билим берүү борборунун жетекчиси мыйзамсыз миграция уюштурган деп айыпталуудаБаткенде жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларды колдогон акция өтүүдө